• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Президент сатуучуларды өлкөдө көмүскө экономиканы кыскартууга көмөктөшүүгө чакырды

Президент 0


Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн «Дордой» базарына барып, көзөмөл-кассалык машинелердин (ККМ) ишке киргизилишине нааразы болгон ишкерлер менен жолугушту.

Эске салсак, бул чара ачык-айкындуулукту жогорулатууга, салык төлөөдөн качууга бөгөт коюуга багытталган жана анын жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган ишкерлерге тиешеси жок.

Мамлекет башчысы соодагерлерди угуп, бүгүнкү күндө салык кызматы жаңычылдыктарга даяр эмес экенин белгиледи.

Буга байланыштуу ишкерлердин бардык сунуштарын изилдөө боюнча олуттуу иштер жүргүзүлөт. Ал эми буга чейин жарыяланган жаңы эрежелерге ылайык, соода патенттери жокко чыгарылып, атайын салык режимине өтүп, жеке ишкер катары катталуу 1-январдан эмес, 2024-жылдын июлунан тартып күчүнө кирет.

Садыр Жапаров бул өзгөрүүлөр салыктан качкандарды жана абийирсиз ишкерлерди аныктоо үчүн киргизилип жатканын баса белгиледи. Мындан улам Президент сатуучуларды ачык-айкындуулукка жана өлкөдө көмүскө экономиканы кыскартууга көмөктөшүүгө чакырды. Бизнес ачык иштөөсү керек.

Мамлекет башчысы буга чейин олуттуу каржылык каражаттар мамлекеттик казынадан кыйып өткөнүн эске салды. Салыктык башкарууну өркүндөтүүнүн, салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруунун жана коррупциялык схемаларга каршы күрөштүн аркасында акыркы жылдары мурдагы жылдардагыдай эле ставкалар менен салык жыйноону олуттуу жогорулатууга мүмкүн болду. Бул багыттагы иштер мындан ары да күчөтүлөт.

Президент Садыр Жапаров дал ушул акчага жаңы социалдык объектилер курулуп, пенсия менен социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйтүлүп, бюджеттик тармак кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулап жаткандыгына ишкерлердин көңүлүн бурду. Ар бирибиз, анын ичинде ишкерлер салыктык чегерүү түрүндө түшкөн акчалар кандай конкреттүү көйгөйлөргө жумшалып жатканын түшүнүшүбүз керек.

Пикир

Оставить комментарий