Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. "Ак-Босого-1" жана "Ак-Босого-2" суу кампаларында жүргүзүлө турган оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектин бир катар жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 12-ноябрда эртең мененки саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин "Ак-Босого" кичи районунда таза суу берүүсүн убактылуу токтотот. Ошондой эле төмөнкү жерлерде да ичүүчү суу өчүрүлөт:
- №81 мектебинде;
- №2 бала бакчасында;
- №14 үй-бүлөлүк медициналык борборунда;
- №15 милиция бөлүмүндө;
- №16 муниципалдык аймактык башкаруусунда.
Пикир
Оставить комментарий