• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Соцфонддо I жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 28.07.23. /Кабар/. Бүгүн, 28-июлда Социалдык фонддо 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча кеңейтилген отуруму болуп өттү.

Фонддон билдиришкендей, отурумга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башкы эксперти Ж.Рысбекова, Соцфонддун жетекчилиги катышты. Ошондой эле Соцфонддун шаардык жана райондук башкармалыктарынын башчыларына видеобайланыш аркылуу отурумга катышуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев белгилегендей, Кыргызстандын пенсиялык системасы өзүнүн өнүгүүсүн жана өркүндөшүн улантууда. Социалдык фонд Кыргызстандагы пенсия системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга жана улгайган адамдардын жашоосун жакшыртууга иштерди улантат.

Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жаатында макулдашылган саясатты ишке ашыруунун натыйжалары боюнча мамлекеттик социалдык камсыздандыруу системасынын финансылык туруктуулугу камсыз кылынып жатат.

Пенсияларды өз убагында каржылоо жана төлөө ишке ашырылып жатат, 2023-жылдын биринчи жарым жылында пенсия жана жөлөкпулдарды төлөөгө керектелүүчү сумма 35 582,8 млн сом толугу менен каржыланды. Пенсиянын төлөнүшү боюнча карыздар жок. Өткөн жылга салыштырмалуу пенсияга керектелүүчү сумма 8 256,4 млн сомго көбөйдү.

2023-жылдын 1-июлуна карата алдын ала маалыматтар боюнча, пенсионерлердин саны 757,9 миң адамды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу пенсионерлердин саны 29,7 миң адамга өстү.

Накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшү көбөйүүдө, 2023-жылдын 1-июлуна карата коммерциялык банктар аркылуу тейленүүчү пенсия алуучулардын саны 572,7 пенсионерге жетип, жалпы пенсионерлердин санынан 76%ын түздү. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5%га өскөн, же "Элкарт" улуттук төлөм картасын колдонгондордун саны дээрлик 52,5 миң пенсионерге көбөйгөн.

2023-жылдын биринчи жарым жылында Социалдык фонд тарабынан Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун (МТПФ) каражаттарынан 8 045 млн сом инвестицияланды, 2022-жылдын ушул мезгилинде инвестицияланган каражаттар 5 038,2 млн сом.

2023-жылдын январь-июнунда МТПФ каражаттарын инвестициялоодон түшкөн кирешелер 2 037,1 млн сомду түздү. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелер 411,5 млн. сомго көбөйдү.

2023-жылдын башынан бери МТПФ каражаттарынан төлөмдөр 595,9 млн сом суммасында каржыланды, анын ичинде ипотекалык насыя алуучуларга 342 млн сом, расмий түрдө убактылуу жумушсуз деп табылган адамдарга 1,2 млн сом, оор орууга кабылган адамдарга 14,6 млн сом. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу МТПФ каражаттарынан төлөмдөрдү каржылоо 380,4 млн сомго көбөйдү.

Пикир

Оставить комментарий