• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

2023-жылга чейин Кыргызстандын калкы таза суу менен камсыз болот - Боронов

Коом 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. 2023-жылга чейин Кыргызстандын калкы таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу парламенттин жыйынында КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтуусу боюнча, калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында иштер аткарылууда.

“Таза суу менен камсыз кылууга Дүйнөлүк банк, Европалык өнүгүү жана реконструкция банкы, Европалык инвестициялык банк, Швейцария Конфердерациясынын өкмөтү, Азия өнүгүү банкы жана башкалар жардам көрсөтүшүүдө. 584 айылдын тургундары таза сууга муктаж. Өкмөт тарабынан республиканы таза суу менен камсыз кылуу максатында көп аракеттер көрүлүүдө. Бул максатта жыл сайын республикалык бюджеттен каражаттар бөлүнүп келет”, - деди К.Боронов.

Биринчи вице-премьер кабарлагандай, калк толугу менен 2023-жылга чейин таза суу менен камсыз болот. “Учурда 1819 айылдын 584дө суу тартуу системасы такыр жок. 572 айылда ошол системаларды жаңылоо керек. Үстүбүздөгү жылы таза суу менен камсыз кылууга республикалык бюджеттен 200 млн.сом бөлүнгөн, дагы 200 млн.сом бөлүп берүү каралууда”, - дейт Боронов.

Пикир

Оставить комментарий