• 87
  • 89.63
  • 0.85

Бишкектин базарларында башаламан сооданы иретке келтирүү боюнча иштер кызуу жүрүүдө – мэр

Коом 0


Бишкек, 06.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Бишкектин базарларында башаламан сооданы иретке келтирүү боюнча иштер кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбордогу базарларды текшерүү учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Аламүдүн жана Орто-Сай базарлары иретке келтирилүүдө. Андан соң Дордой базары иретке келтирилет.

"Базарларды иретке келтирүүдө негизинен үч талап коюлуп, алардын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулууда. Биринчи талап өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо. Баарыңар күбө болгондой, атайын техниканы базарга киргизебиз. Эгер өрт өчүрүүчү унаанын киришине, иштөөсүнө тоскоолдуктар жаралса, биринчи кезекте ошонун барын алганга туура келет. Экинчиси, базардагы санитардык эрежелерди сактоо. Ал эми үчүнчүсү, базардын сырткы көрүнүшүн оңдоо. Анткени Бишкек шаары өзүнүн борбордук келбетин, деңгээлин сакташы керек”, - деди Айбек Жунушалиев.

Пикир

Оставить комментарий