Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күн газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Бишкектин бир бөлүгүндө 3 күн газ болбойт. Бул тууралуу "Бишкекгаз" газ кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер астындагы төмөнкү басымдагы газ өткөргүчүндө кайра туташтыруу иштерине байланыштуу 15-майдан 17-майга чейин Дача көчөсү, Керченский тар көчөсү, Кайынды көчөсү, Элебесов көчөсү, ЧЧК, Кара-Жыгач багы, Фирсов көчөсү, Фере көчөсү, Арал көчөсү менен чектелген аймакта газ берүү токтотулат.

"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий