• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бишкектин көчөлөрүн кооздогон түстүү гүлзарлар – сүрөт

Коом 0

Бишкек, 02.08.24. /Кабар/. "Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн кооздогон түстүү гүлзарлардын сүрөттөрү менен бөлүштү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкананын жашылдандыруучулары мындай укмуштуудай түркүн түстүү, кооздукту жасоо үчүн күнү-түнү талыкпай эмгектенишкен.

Гүлзар абдан көрктүү болушу үчүн түстөрдүн шайкеш, гүлзарлардагы түс схемаларын пландаштыруу өтө маанилүү.

Кызыл, кызгылт сары, сары жана жылуу түстөр. Бул тактыктардын баары эске алынып борбордун агрономдору тарабынан иштелип чыгып отургузулат жана жашылдандыруучулар мезгил бою аларга мээримин төгүп кам көрүүнү улантышат.

Бир жылдык гүлдөрдүн кооздугун шаар тургундары Жаштар аллеясында, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанында, өкмөттүк жана дене тарбия скверлеринде, Эмен сейил багында, Түштүк магистраль боюнча, "Ынтымак 2" паркында, Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жана Чолпон-Ата көчөсүнүн жээгинде көрө алышат. Ушундай жаралган кооздуктун баардыгы сиздер үчүн.

Пикир

Оставить комментарий