• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр арасында теннис боюнча биринчилик өттү

Спорт 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Бишкекте 3-октябрдан 7-октябрга чейин Тыныстанов жана Малдыбаев көчөлөрүндөгү мектептердин теннис аянтчаларында "Ачык эшиктер күнүнө" арналган теннис боюнча биринчилик өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чарага С.Жуманазаров атындагы АРБӨСМнин балдар жана өспүрүмдөрү, теннис бөлүмүнөн 92 окуучу катышты.

Мелдештин максаты Кыргызстанда теннисти жайылтуу жана өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо үчүн балдарды жана өспүрүмдөрдү үзгүлтүксүз көнүгүүлөргө тартуу, ошондой эле спорттук категорияларды аткаруу болгон.

Мелдештин жыйынтыгы:

2007-2011-жылкы балдар арасында:
1-орун – Элдар Кулджаев;
2-орун – Казакбаев Калыс;
3-орун – Алимов Илимбек.

2012 жана андан кичүү балдар арасында:
1-орун – Кулжаев Камал;
2-орун – Алимов Иса;
3-орун – Азиятов Давлет.

2007-2009-жылкы кыздар арасында:
1-орун – Мызаева Сара;
2-орун – Абдурасулова Наристе;
3-орун – Султанкулова Асема.

2010-2011-жылкы кыздар арасында:
1-орун – Абдурасулова Сезим;
2-орун – Ильясова Лейсан;
3-орун – Дорошева Амира.

Пикир

Оставить комментарий