• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин мэри жарандарды коомдук транспортко өтүүгө чакырды

Коом 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев шаар тургундарын коомдук транспорко өтүүгө чакырды. Бул тууралуу муниципалиеттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Маалыматка ылайык, бүгүн калаа башчысы "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын аймагын текшерип, анын жүрүшүндө коомдук транспорттун айдоочуларына шарттарды жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Өз кезегинде ишкананын убактылуу директору Талант Капаров (Бишкек троллейбус башкармалыгынын азыркы жетекчиси) базада оңдоо иштери жүрүп жатканын, анда айдоочулар үчүн эс алуу бөлмөсү, душ, эс алуучу жайлар ж.б.у.с. уюштурулуп жатканын билдирди.

Мэр графиктин сакталышын көзөмөлдөөнү жана автобустардын ортосундагы бекитилген интервалды – 8-10 мүнөттү сактоону тапшырды.

"Азыр биз жарандарды коомдук транспортко өтүүгө чакырабыз. Бул тиешелүү шарттар түзүлүшү керек дегенди билдирет", - деп белгиледи Жунушалиев.

Ишкананын жетекчилигине айдоочулардын кесипкөйлүгүнө, тактап айтканда, алардын билимине жана тажрыйбасына өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле кадрдык резервден потенциалдуу талапкерлерди окуу курстарына жөнөтүү милдети жүктөлдү.

Мындан тышкары, “БЖАИ” жана “БТБ” ишканаларында административдик бөлүктөгү штаттык бирдиктерди кыскартуу жана жумушчу күчүн көбөйтүү жолу менен оптималдаштыруу иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Учурда "БТБ" 114 троллейбусу, "БЖАИ" МИнин 396 автобусу, "Жүргүнчүлөрдү ташуу департаментинин" 276 автобусу, "Эко жүргүнчүлөрдү ташуу" ЖЧКсынан 110 жеке менчик автобус жана "Аламүдүн автотранс" 5 автобусу каттайт.

Эгерде шаардыктар муниципалитеттин демилгесин колдоп, коомдук транспортко өтүшсө, Бишкек шаарынын мэриясы зарыл болгон учурда кошумча 50 автобусту линияга чыгара алат (транспорттун бардык муктаждыктарын камсыздоо үчүн). Ошентип, линиядагы автобустардын жалпы санын 500 автобуска чейин жеткирүүгө болот.

Ошону менен бирге коомдук транспорттун кошумча көлөмү тыгынды жаратпаш үчүн линияларда автобустарды жана троллейбустарды көбөйтүү боюнча сарамжалдуу чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий