• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Бишкекте Айтматовдун чыгармачылыгына арналган форум өтөт. Ага 9 өлкөнүн театр жана кино ишмерлери катышат

Маданият 0

Бишкек, 12.12.23. /Кабар/. Бишкекте жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эл аралык форум өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Чыңгыз Айтматов. Биз бир кайыктабыз. Чыгармачылык орус тилинде" аталыштагы иш-чара 13-14-декабрь күндөрү өтүп, ага Айтматовдун чыгармачылыгын изилдеген 40тан ашык академик, Азербайжан, Армения, Беларусь, Молдова, Грузия, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандан театр жана кино ишмерлери чакырылган.

Иш-чара жеке сессиялар, панелдик дискуссиялар, катышуучулар тарабынан форумдун идеяларын жана максаттарын, ошондой эле эксперттердин алдыңкы баяндамаларын биргелешип талкуулоо форматында өткөрүлөт.

Форумдун башкы максаты Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча евразиялык контекстте жаңы илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен таанышуу, илимде, маданиятта жана социумда жазуучунун көркөм мурастарын илимий-изилдөө, маданий-таанып билүү жана руханий-интеллектуалдык өздөштүрүүнү андан ары активдештирүү боюнча тажрыйба жана пикир алмашуу.

Пикир

Оставить комментарий