• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин көчөлөрүн оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Пархоменко көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Салиева көчөсүнө чейинки 530 метр аралыгын капиталдык оңдоо иштери аяктоодо.

Ал эми Менделеев көчөсүндө оңдоо иши уланууда. Учурда лоток жана жол бордюрлары орнотулууда. Ошондой эле 340 метр узундуктагы асфальт төшөө үчүн жолду даярдоо иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Керченский тилкесинде Элебесов көчөсүнөн Дачная-Керченская конушуна чейин лотокторду орнотуу иштери башталды. Жолдун курулушуна имараттар тоскоол болгондугуна байланыштуу муниципалдык жерге мыйзамсыз курулуш курган жарандарга эскертүүлөр берилди.

Ошондой эле Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабындагы узундугу 870 метрди түзгөн тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий