Бишкектин түштүк тарабында 15-ноябрда суу жок болот

Коом 0

Бишкек, 14.11.23. /Кабар/. Бишкектин түштүк тарабында 15-ноябрда суу жок болот. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек ЭЭАнын чыгыш тарабындагы оңдоо иштерине байланыштуу Чоң-Арык районунда, Семетей көчөсүндө, Бишкек ЭЭАда жана Киргизия жаңы конушунда саат 09:00дөн 18:00гө чейин таза суу берүү токтотулат.

"Бишкексууканал" башкармалыгы калкты жана мекемелерди керектүү чараларды көрүп, өз убагында ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий