• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кадамжай ооруканасында уурулук кылып жүргөн жаран Оштон кармалды

Коом 0

Бишкек, 13.04.23. /Кабар/. Кадамжай ооруканасында уурулук кылып жүргөн жаран Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай аймактык ооруканасынын эки кызматкери 5-апрель күнү иш бөлмөлөрүнөн ичинде акча, банк карталары, жарандык паспорттору менен капчыктары уурдалганын билдиришип, милицияга арыз жазышкан.

Бул арыздар Кадамжай райондук милициясына катталып, КР Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурулук") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталат.

Ошентип, райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдын 7-апрелде Ош шаарынан мурда сот жообуна тартылган 65 жаштагы тургуну У.Х. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Азыркы күндө уурдалган нерселер өз ээлерине тапшырылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий