• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектин дагы бир жерине жер астындагы таштанды челектери орнотулду

Коом 0

Бишкек, 24.04.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Токтогул жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишине жер астында жайгашкан таштанды челектери орнотулуп, ишке берилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин таштанды челектери Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишине орнотулган.

Белгиленгендей, жер алдына орнотулган челектин өзгөчөлүгү таштандыны жер алдына сактагандыктан жыт чыгарбайт, чачылбайт жана айлана чөйрөнүн көркүн бузбайт.

Челектерди орнотуу ишине катышкан Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жыргалбек Шамыралиев мындай таштанды челектери борборубузда көбөйтүлөрүн кошумчалады.

Мэриядан белгилешкендей, "Тазалык" ишканасында иштеген айдоочу, таштанды жүктөгүч жана тазалоочу кызматкерлердин айлыгы 100%дан ашык жогорулады. Башкача айтканда, иштегенине жараша айлык акы берүү ыкмасы тандалып алынды. Эми бир тонна таштанды үчүн айдоочуларга 125 сомдон төлөнөт.

Пикир

Оставить комментарий