• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бюджеттен Тарых музейинин ичин реконструкциялоого каражат бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 4-август /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Тарых музейинин ичин реконструкциялоого бюджеттен каражат бөлүндү деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы “Кабар” маалымат агенттигине.

Белгилүү болгондой, мурда музейдин реконструкция иштерине кете турган каражаттарды толугу менен Түрктөрдүн кызматташуу жана өнүктүрүү агенттиги моюунуна алган.

“Эки тараптуу меморондумга ылайык Тарых музейинин ачылышы 31-августка белгиленген. Бирок түрк тарап жумуштун бүтпөй жатканын айтып, музейдин расмий ачылышын жылдырууну сунуштаган”,-дейт ведомствонун басма сөз кызматы.

Аталган министрликтен маалымдагандай, учурда музейдин ичин оңдоо иштерине бюджеттен каражат которулган. Ошондой эле, жаңы экспозициялар даярдалууда.

“Белгилей кетчү жагдай Тарых музейин реконструкциялоо иштери токтогон эмес. Түрк тарап фасаддарды жасап бүткөн соң, алар тараптан каржылоо токтойт”,- деп билдирди министрлик.

Пикир

Оставить комментарий