• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Шашылыш билдирүү: Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоо жана тоо этек аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги жерлерде сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 15-июлунда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

“12-июль күнү тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине маалымат берилген. Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий