• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 29-ноябрда КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар ошондой эле алдыдагы тышкы саясий иш-чараларды, анын ичинде ЕАЭБде Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий