• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

9-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 5-февралдан 9-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

5-9-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-6-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-февралда эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-февралда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-февралда күндүз жана 9-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-9-февралдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-9-февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

5-6-февралдарда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда күндүз жана 8-9-февралдарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

5-9 -февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-6-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда эртең менен, күндүз жана 8-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-февралда күндүз жана 9-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-9-февралдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-9-февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-6-февралдарда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда эртең менен, күндүз жана 8-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-февралда күндүз жана 9-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 9-февралда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-9-февралдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-9-февралдарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

5-6-февралдарда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда күндүз кар жаашы мүмкүн.

8-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

8-февралда күндүз жана 9-февралда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-9-февралдарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

5-9-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-6-февралдарда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-февралда жана 9-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, 9-февралда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-9-февралдарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий