• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бизнес-акыйкатчы менен анын командасынын маянасын Европалык реконструкция жана өнүгүү банкы төлөп берет

Коом 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы болуп дайындалган Робин Орд-Смит менен анын командасынын маянасын Европалык реконструкция жана өнүгүү банкы төлөп берет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында экономика министринин орун басары Элдар Алишеров билдирди.

Ал белгилегендей, бизнес-акыйкатчыдан тышкары, анын эки орун басары шайланып, ошондой эле катчылык түзүлөт.

"Маяна донорлордун эсебинен төлөнөт. Алдыда кеңсе алынып, техникалык маселелер чечилет. Чыгымды Европалык реконструкция жана өнүгүү банкы төлөп берет". - деди ал.

Бизнес-акыйкатчынын маянасы канча болору айтылган жок.

Белгилей кетсек, бизнес-акыйкатчы бизнестин кызыкчылыктарын коргойт. Робин Орд-Смит өкмөт жана бизнес коомчулук өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия тарабынан шайланган.

Пикир

Оставить комментарий