• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР элчиси жана Катар кайрымдуулук фондунун директору биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Доха шаарында Кыргызстандын Катардагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев Катар кайрымдуулук фондунун башкы аткаруучу директору Юсуф бин Ахмед Аль-Куварим жана долбоорлор боюнча аткаруучу директор Фейсалом бин Рашид Аль-Фехайда менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандагы биргелешкен социалдык-экономикалык, гуманитардык жана кайрымдуулук долбоорлору боюнча маселелер талкууланды.

Ниязалиев көрсөтүп жаткан жардам жана колдоосу үчүн Катар кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдирип, Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында биргелешип өлкөнүн алыскы аймактарында долбоорлорду ишке ашырууну сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте ар кандай гуманитардык долбоорлорду иштеп чыгуу келишими жетилди.

Пикир

Оставить комментарий