• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Жээнбеков: Аймактык бүтүндүктү жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого даяр болушубуз керек

Президент 0

Бишкек, 29.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-майда Кыргызстандын аскер кызматкерлерин өлкөнүн Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоо тексти:

«Жолдош солдаттар, сержанттар, старшиналар жана прапорщиктер!

Жолдош офицерлер жана генералдар!

Урматтуу Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөн күнү менен куттуктайм!

Дал ушул күнү, 1992-жылы өлкөбүздүн территориясында жайгаштырылган аскер бирикмелери жана бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын юрисдикциясына алынып, алар улуттук Куралдуу Күчтөрүнүн негизин түзүштү.

Аскер мамлекеттин ажырагыс атрибуту жана таянычы. Биздин жаш республикабыз үчүн Куралдуу Күчтөрдү калыптандыруу оңой-олтоң болгон жок.

Биз аталардын даңазалуу салтын улаган, Мекен коргоочулардын бардык муундарынын ортосундагы байланышты камсыз кылып, аскердик даңктуу салттарды улантышып, өлкө үчүн кыйын күндөрдө Мекен сакчылыгында тургандарды дайым эстеп жүрүшүбүз керек.

Акыркы жылдарда Аскерге болгон мамиле жакшырды. Бул Куралдуу Күчтөрдүн жетишкендиктери менен байланыштуу.

Жыл өткөн сайын аскерлердин социалдык-тиричилик шарттары жакшырууда. Мамлекет бул багытта жигердүү ишин мындан ары да улантат.

Биз ар дайым аймактык бүтүндүктү жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого даяр болушубуз керек. Кыргызстандын азыркы аскери алдыга коюлган бардык милдеттерди татыктуу аткарат деп ишенем.

Сиздерге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана кесиптик ийгиликтерди каалайм.»

Пикир

Оставить комментарий