• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бокс боюнча республикалык турда алтын уткан кыздар сыйланды

Спорт 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими Нурбек Сатаров бокс боюнча республикалык турда биринчи орунду ээлеген спортчу кыздарды жана алардын машыктыруучуларын сыйлады.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, район башчысы мелдеште биринчи орунду ээлегендиги үчүн Дилорам Камбаралиева жана бокстагы жетишкен ийгиликтери үчүн Азиза Базаркуловаларды кабыл алып, ыраазычылык кат жана белектерди тапшырды.

Аны менен бирге аким алардын машыктыруучусу Даниярбек Мавляновко да ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий