• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: РФнын аймагында чыр-чатактарга чакырган билдирүүлөрдү тараткан адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын Химки районунун аймагында белгисиз адамдар менен болгон чыр-чатактын натыйжасында КРнын жаракат алган 4 жараны жөнүндө социалдык тармактарда таркатылган маалыматка байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.

"Учурда Россия Федерациясынын компетенттүү органдары тарабынан кылмышкерлерди аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү социалдык тармактардагы, Интернеттеги жана мессенджерлердеги ар кандай маалыматтарды туруктуу негизде көзөмөлдөп турат. Мындан тышкары, Россиянын аймагында тирешүүлөргө жана чыр-чатактарга чакырган билдирүүлөрдү тараткан адамдарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантып жатат.

Мындай фактылар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын жана Россиянын аймагына кайрадан кирүүгө уруксат берилбей тургандыгын кыргызстандыктарга түшүндүрүшүүдө.

Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Россияда иштеп жүргөн мекендештерди келген мамлекеттин мыйзамдарынын талаптарын
аткарууга, коомдук жайларда адеп-ахлактык жүрүм-турум эрежелерин сактоого чакырат.

Ошондой эле мыйзамсыз аракеттер менен өлкөнүн имиджине доо кетирбөөнү жана Россиянын аймагында иштеп жаткан мекендештерине терс таасирин тийгизип албоону суранат".

Эскерте кетсек, ЖМКлар Москванын Химки районунда кыргыз-тажик жарандары ортосунда массалык мушташ чыкканын жазып чыгышкан.

Пикир

Оставить комментарий