• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад облусуна "Синофарм" кытай вакцинасынын 85 миң дозасы келди

Аймак 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна Кытайдын “Синофарм” вакцинасынын 85 миң дозасы келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда алар облустун бардык район-шаарларындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда жиберилди.

Коронавирус инфекциясына каршы эмдөө аймактардагы калктын саны эске алынган шартта бөлүштүрүлгөн. Алардан эң көбү Сузак районуна 19 миң 283 доза жеткирилген.

Эскерте кетсек, буга чейин облуста жалпы 13 миң 902 жаран COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү.

Пикир

Оставить комментарий