• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Жолдошбеков Дагестанда өткөн эркин күрөш боюнча мелдеште коло утту

Спорт 0

Бишкек, 17.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстандык спортчу Улукбек Жолдошбеков Дагестанда (Россия) өткөн эркин күрөш боюнча континенттер аралык кубокто коло медаль утту.

Дагестандын Хаавюрт шаарындда 14-15-октябрь күндөрү XIX-XX жүз жылдыгында атагы чыккан балдандардын урматына эркин күрөш боюнча IX континенттер аралык кубок болуп өткөн.

Жолдошбеков 61 кг салмактык категория боюнча мелдеш чыккан. Алгач старттык оюнда Рамазан Ферзалиевден (Дагестан) утулуп калган.

Кийинки кармашта Жолдошбеков Азербайжандык спортчуну жеңип, финалга чыккан, анда россиянын спортчусу Артур Батиевди (Алания) 7:0 эсебинде уткан. Мелдештин жыйынтыгы боюнча спортчу 3-орунга татыган.

Мелдешке бардыгы болуп ар кайсы өлкөдөн 200гө жакын спортчу катышкан.

Пикир

Оставить комментарий