Ош, 19.08.20. /Кабар/. Дыйканбаев Болотбек Жусупович Ош облусунун Өзгөн районунун администрациясынын башчысы - акими болуп дайындалды. Бул тууралуу Өзгөн райондук администарциясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-августта жаңыдан дайындалган аким жалпы жамаатка тааныштырылды. Болотбек Дыйканбаев буга чейин Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Пикир
Оставить комментарий