Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн саат 18:00дө Бишкек Парк соода борборунда камсыздандыруу кызматтарынын уникалдуу жарманкеси өтөт.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынан билдиришкендей, иш-чарада шаардын алдыңкы камсыздандыруу компанияларынын өкүлдөрү өздөрүнүн кызматтарын жана продукцияларын тартуулашат, анын ичинде:
- ОСАГО полистери жана камсыздандыруунун башка түрлөрү;
- Буклеттер, жарнамалык материалдар жана атайын сунуштар.
Жарманкеге келгендер көрсөтүлө турган кызматтар:
- Камсыздандыруу маселелери боюнча акысыз кеңеш;
- Учурдагы актуалдуу сунуштар жөнүндө маалымат;
- Өзүңүз жана жакындарыңыз үчүн пайдалуу камсыздандыруу чечимдери.
Пикир
Оставить комментарий