Бишкек, 03.04.24./Кабар/. КР Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Искендер Асыкуловдун төрагалыгы алдында GIZтин “Борбордук Азиядагы соода процедураларын жөнөкөйлөтүү” долбоорунун координациялык кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндө долбоордун 2020-2023-жылдарга карата иш-аракеттеринин жыйынтыктары, ошондой эле 2024-жылга сооданы жеңилдетүү жаатындагы долбоордун иш-аракеттеринин негизги багыттары сунушталды.
Жыйынга Кыргызстандагы Соодага көмөктөшүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана GIZтин “Борбор Азияда сооданы жеңилдетүү” долбоорунун менеджерлери катышты.
Маалымат үчүн: “Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү” GIZ долбоору – бул Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда сооданы жеңилдетүү боюнча жардам көрсөтүүчү аймактык долбоор.
Пикир
Оставить комментарий