"Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасы капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Коом 0

Бишкек, 07.06.24. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын имараты капиталдык оңдоодон кийин ачылды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Аталган ишкана жаңы эл аралык деңгээлдеги заманбап жабдуулар менен жабдылды. Анын капиталдык ремонт иштери 11 млрд 725,1 млн сомго бааланып, өндүрүш жана кеңсе жайларына жабдуулар, кеңсе эмеректери, компьютердик техника менен камсыздалды. Учурда кошумча ремонт иштери жүргүзүлүп жатат, бул иштер бүтсө дагы жабдуулар сатып алынат.

Ондоп-түзөө иштеринен кийинки ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, жаратылыш министри Мелис Тургунбаев жана Жогорку Кеңештин депуттары Кундузбек Сулайманов, Шайырбек Ташиев, президенттин администрациясынын өкүлдөрү жана бул тармактагы адистер катышты.


"Борбордук лабаратория" мамлекеттик ишканасы - геологиялык объекттерге жана аларды кайра иштетүүдөн алынган продукцияга химиялык анализ жүргүзгөн республикадагы жалгыз лаборатория. Аталган ишкана 70тен ашык өнүккөн өлкөлөрдө 43 миң лабораторияны камтыган ILAC эл аралык аккредитациялоо уюмунун мүчөсү.

Пикир

Оставить комментарий