• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Үшүк жүрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Коом 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 5-7-октябрларында Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-2°, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

ӨКМ мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу экенин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий