• 87
  • 90.41
  • 0.84

Боронов: Зарыл дарылардын тизмесин түзгүлө жана жакынкы айлар үчүн запасты толтуруу шарт

Өкмөт 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин алдындагы Дары-дармектер менен камсыздоо департаменти керектүү дарылардын тизмесин түзүп, жакынкы айлар үчүн резервди толтуруусу зарыл. Тийиштүү тапшырманы Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов берди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Бүгүнкү күндө шаардын дарыканаларында айрым дарылардын жетишсиздигине даттануулар түшүүдө. Дем алыш күндөрү Бишкекке дары-дармектер жеткирилет. Бир күндүн ичинде зарыл дарылардын тизмесин түзгүлө жана жакынкы айлар үчүн запасты толтуруу шарт. Мамлекеттин дары-дармек кору болушу керек. Кыргызстандын бардык аймактары тиешелүү дары каражаттары менен толук көлөмдө камсыздалууга тийиш. Саламаттык сактоо министрлиги зарыл дары-дармектерди сатып алуунун борборлоштурулган системасын уюштурушу зарыл», - деди Министрлер кабинетинин башчысы.

Пикир

Оставить комментарий