• 87.6
  • 93.91
  • 0.99

БРИКС 2024: Самбо боюнча улуттук курама команда 4 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 15.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасы БРИКС эл аралык спорттук оюндарында 4 медаль (1 күмүш, 3 коло) жеңишти.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 12-июндан 25-июнга чейин Татарстандын Казань шаарында өтүп жатат.

Эркектер арасында Жамалбек Асылбек уулу (88 кг) күмүш медалга жана Искендер Саралаев (+98 кг) коло медалга ээ болсо, кыз-келиндер арасында Канышай Аманкулова (50 кг) жана Мираида Медетбек кызы (65 кг) 3-орунду ээлешти.

Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилигинде мелдешке катышты.

Пикир

Оставить комментарий