• 86.8
  • 91.19
  • 0.85

Брюсселде кыргыз киносунун кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 07.11.24. /Кабар/. Брюсселде кыргыз киносунун кечеси өттү.

Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигинен билдиришкендей, кече Чыңгыз Айтматов жана Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылыгына, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналып, Кыргызстандын жана Россиянын элчиликтери тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага Бельгиядагы дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, анын ичинде Борбор Азия жана Азербайжан элчилери, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын күйөрмандары катышты.

Иш-чарада Кыргызстандын элчиси Айдит Эркин жана Россиянын элчиси Александр Токовинин сөз сүйлөп, улуу кыргыз инсанынын бай өмүр жолу, анын чыгармачылыгында көтөрүлгөн гуманизм идеяларынын универсалдуулугу жана жалпы адамзаттык маселелердин азыркы учурга дал келиши жөнүндө айтышты.

Иш-чаранын алкагында “Кыргызфильм” жана “Ленфильм” киностудиялары тарабынан Чыңгыз Айтматовдун “Эрте келген турналар” тасмасы көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовго жана Эл аралык тоо күнүнө арналган фото-көргөзмө уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий