• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

БШК: Парламенттик шайлоого даярдануунун алкагында 50 миңден ашуун адам окутуудан өткөрүлдү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого карата маалыматтык иш-чараларды өткөрүүнүн алкагында жалпысынан 50 миңден ашуун адамды окутуу-тренингден өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын жумушчу тобунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, алардын 30 миңден ашыгы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, 500гө жакыны округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү. , ошондой эле шайлоо учурунда мыйзам бузууларды алдын алуу максатында 120дан ашуун банк кызматкерлер жана 600дөн ашуун укук коргоо органдарынын кызматкерлери окутулду.

“Талапкерлер жана алардын өкүлдөрү, ошондой эле өлкө аймагындагы округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө дагы тренингдер уюштурулду. Андан тышкары, ЖМК өкүлдөрүн жана жаштарды шайлоо процессине тартуу боюнча иш-чаралар аткарылды”, - деди ал

Ал белгилегендей, жалпысынан 750 миңден ашык буклет, баракчалар, облустук жана “Эркин-Тоо” газетасы аркылуу 150 миң нуска газета чыгарылып таратылган. Анда партиялык тизмеден жана бир мандаттуу округдан талапкер болгон бардык талапкерлер тууралуу толук маалымат берилип, шайлоочуларга жеткирилген.

Мындан тышкары, Жылкыбаев чет өлкөлөрдөгү мекендештердин шайлоо укугун ишке ашыруу максатында Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте консулдук кызматтардын кызматкерлери жана байкоочулар дагы окутуудан өтүшкөнүн, ар бир талапкерге бирдей укук берүү менен теледебаттар уюштурулганын дагы кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий