• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кечээ “жымжырттык” күнүндө үгүт иштерине байланыштуу 43 факты катталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кечээ, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо алдындагы “жымжырттык” күнүндө үгүт иштерине байланыштуу 43 факты катталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов брифингде билдирди.

Анын айтымында, “жымжырттык” күнүндө партия жана талапкерлерге үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.

“Добуш сатып алуу жана баннерлерди туура эмес илүү боюнча маалыматтар келип түшкөн. Учурда алар териштирилүүдө. Жыйынтыгын жакын арада чыгарабыз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө. Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий