• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстанда өткөн суткада 7 миң 238 адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 7 миң 238 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3 миң 436 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 802 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 1 млн 102 миң 406 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 887 миң 128 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий