• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Добуш берүү күнүндө коомдук коопсуздукту 12 миңдей милиционер камсыздоодо

Коом 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 28-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнүндө коомдук коопсуздукту 12 миңдей милиция кызматкери камсыздоодо. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов брифингде билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагындагы 2 миң 435 шайлоо тилкесине 6 миңдей кызматкер тартылган.

“Ошондой эле 211 документтештирилген тобу, аймактык ички иштер башкармалыгында 10 ыкчам тобу, 10 маалыматты талдоо тобу түзүлгөн. Мындан сырткары, жол кыймылынын коопсуздугун 1 миң 500дөн ашык кызматкер камсыздоодо”, - дейт ал.

Урмамбетов күнү-түнү кайгуул кылуу үчүн 511 унаа уюштурулганын кошумчалап кетти.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий