Бишкек, 27.04.24. /Кабар/. Бүгүн №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого сырттан добуш берүү жүрүп жатат.
№2 Баткен шайлоо округу боюнча 81 УШКнын 8не шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 31 арыз түшкөн, анын ичинен:
- улгайгандыгына байланыштуу - 16;
- майыптыгы барлар - 8;
- ооруп жаткандыгына байланыштуу – 7.
№7 Ош шайлоо округу боюнча 55 УШКнын 41не шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 488 врыз түшкөн, анын ичинен:
- улгайгандыгына байланыштуу - 183;
- майыптыгы барлар - 179;
- ооруп жаткандыгына байланыштуу –105;
- башка категорияларга киргендер -21.
№9 Кара-Суу шайлоо округу боюнча 62 УШКнын 25не шайлоочуларга добуш берүүчү жайдан тышкары жерден добуш берүү мүмкүндүгүн берүү өтүнүчү менен 168 арыз түшкөн, анын ичинен:
- улгайгандыгына байланыштуу - 72;
- майыптыгы барлар - 39;
- ооруп жаткандыгына байланыштуу – 57.
Маалымат үчүн: Добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү шайлоо күнүнө бир календарлык күн калганда, саат 8:00дөн 20:00гө чейин жана шайлоочунун шайлоо участогунан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана өткөрүлөт.
Пикир
Оставить комментарий