• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

БШК: Республика боюнча саат 12:00гө карата 8,5% шайлоочу добуш берди

Коом 0

Бишкек, 17.11.24. /Чолпон Жумалиева - Кабар/. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого республика боюнча саат 12:00гө карата 351 миң 541 жаран катышты. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди.

Анын айтымында, бул жалпы шайлоочулардын 8,5 пайызын түзөт, өлкө боюнча 4 млн 135 миң 39 шайлоочу катталган.

"Саат 12:00гө карата маалымат боюнча, шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоого 127 миң 704 жаран катышты, бул 7,88 пайызды түздү. Ал эми айылдык кеңешке депутаттарды шайлоого 223 миң 837 жаран добуш берди, бул 8,9 пайызды түзөт. Аралыктан добуш берүү тууралуу айтсак, 2 миң 652 жаран шайлоого катышты. Бул 29,3 пайызды түзөт”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий