• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Кыргызстан менен Казакстан чек ара пункттарынан өтүүнү жакшыртат

Коом 0

Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстан чек арадагы "Токмок" (КР) – "Сортобе" (РК) жана "Кең-Булуң" (КР) – "Аухатты" (РК) өткөрмө пункттарын эки тараптуудан көп тараптууга өткөрүү боюнча макулдашууга кол койду.

Тиешелүү документти Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын профилдик ведомствосу колдоду, деп жазат "Казинформ".

Казакстан парламентинин отурумунун жүрүшүндө депутат Артур Платонов кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл пункттардагы өткөрмө маселесин көтөргөн.

Ага жооп кылган Казакстандын чек ара кызматынын директору Дархан Дильманов акыркы эки жылда чек арадагы жүргүнчүлөрдүн катташы азайганын билдирип, мекеме ишин аткарууга жетишип жатканын айткан.

Эске салсак, Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында 12 өткөрмө пункту бар.

Пикир

Оставить комментарий