• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

БШК Сузакта жарандардын шайлоого катышуусу тууралуу маалымат берди

Аймак 0

Бишкек, 22.09.24. /Кабар/. №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча саат 16:00гө карата 11 миң 680 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы маалымдады.

Ага ылайык, ушул сааттарга чейин 11 680 шайлоочу ( 9,39%) саясий өнөктүктө өз тандоосун жасады.

Белгиленгендей, округда шайлоочулардын саны 124 миң 429ду түзөт, анын ичинен 62 миң 373ү эркектер (50,13%) жана 62 миң 56сы аялдар (49,87%).

Саясий өнөктүктө мандат үчүн 7 талапкер ат салышууда.

Учурда жалпы 81 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүүдө. Кечки саат сегизде шайлоо тилкелери жабылат. Андан соң шайлоо бюллетендери АСУлардан келип түшкөн маалыматтар менен да жана кол менен да эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий