• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эртең Жалал-Абаддын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Эртең Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эртең, 1-октябрь күнү оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 12:00дөн 17:00гө чейин Баетова, Могол, Геолоразветка, Б.Осмонов, Манас, Курманбек №15,17, Нефтяников, Брюзова, Талбухина, Ватутина, Москва, Промзона, Курманбек №10а, Могол №2,4, Нефтяник, Кыргызстан, Чолок-Терек, Ынтымак, Гулистан Типовой, Кулбеков, Карыбеков, Арапбаев, Алымбаев, Биримдик, А.Керимбеков көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт.

Мэрия жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий