• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто Өзбекстандан алып келинген 50 жаңы автобус каттамга чыкты

Аймак 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. Бүгүнтөн баштап Ош шаарында Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу алынган 50 жаңы автобус каттамга чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бардык автобустар төрт автобустук маршрут боюнча бөлүштүрүлдү.

Жаңы автобус каттамдары:

№10 автобус линиясы - “Амир-Тимур” МАБдан (Он-Адыр кичи району) шаардык төрөт үйүнө чейин каттайт;

№9 автобус линиясы - “Туран” МАБдан (Южный кичи району) Ак-Тилек кичи району аркылуу борбордук базарга чейин каттайт;

№53 автобус линиясы - Жапалак айыл аймагына караштуу Мээркан айылынан борбордук базарга чейин;

№6 автобус линиясы - Жапалак айыл аймагына караштуу Соколок айылынан Юго-Восток кичи районуна чейин (Курманжан-Датка МАБ).

Пикир

Оставить комментарий