• 87.44
  • 89.38
  • 0.85

БШК жергиликтүү кеңештердин депутаттарын мыйзамдык актылардын жыйнагы менен камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү кеңештердин 6 миң 384 депутатынын ар бирине усулдук жардам көрсөтүү үчүн ченемдик укуктук актылардын жыйнагын берет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын өзгөчө ролун жана алардын ишмердүүлүгүнүн маанилүүлүгүн мыйзамдардын негизинде түшүнүү менен, ар бир депутатка негизги мыйзам актыларын камтыган ченемдик укуктук актылардын жыйнагы берилет. Ошондой эле бүткүл республика боюнча жергиликтүү кеңештер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тексттери менен камсыздалат.

«Аталган материалдар жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган депутаттарына өз ишин жана жергиликтүү кеңештин ишин баштапкы этаптан баштап Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына так ылайык уюштурууга, аларга жүктөлгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды натыйжалуу жана толук аткарууга, айылдарды жана шаарларды өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана аймактардагы жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында берилет», - деп айтылат билдирүүдө.

Муну менен катар, бүгүн аймактык шайлоо комиссияларынын жардамы менен аймактарда жергиликтүү кеңештердин алгачкы сессиялары өткөнүн белгиледи.

Ошондой эле республиканын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунун натыйжалуу иштешин уюштуруу маселелери боюнча окууларды өткөрүү пландаштырылууда.

Эске салсак, 2024-жылдын 17-ноябрында 264 жергиликтүү кеңештерге депутаттар шайланган:

33 шаардык кеңеште – 993 депутат, анын 703ү эркектер, 290у аялдар (29,20%);
231-айылдык кеңеште – 5391 депутат, анын ичинен 3143 эркек (58,3%) жана 2248 аял (41,7%).

Пикир

Оставить комментарий