Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Жогорку Кеңештин "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаттары Исхак Масалиев, Гуля Кожокулова, Алишер Эрбаев, Эмил Токтошев, Аккулу Бердиев Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришти.
МИКтин ишмердиги менен компаниянын жетекчисинин орун басары Нурадил Баясов тааныштырды. Анын айтымында, учурда МИКтин баштапкы капиталы 37,5 млрд сомго жеткен. Баясов муктаж жарандарды турак-жай менен камсыздоо боюнча "Арзан ипотека", "Үлүштүк ипотека" сындуу түрдүү багыттар, ошондой эле борбордо жана аймактарда жүрүп жаткан курулуш объекттери тууралуу айтып берди.
Эл өкүлү Гуля Кожокулова Бишкекке көп басым жасабастан, аймактарга ипотекалык үйлөрдү курууга көңүл бурууга чакырды. Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев быйыл суроо-талап жогору болгон Баткен, Кадамжай, Ноокат, Айдаркен шаарларында, Талас облусунда да ипотекалык үйлөрдүн курулушу пландалып жатканын билдирди. Депутаттар МИКте кезектин жылышынан күмөн саноо, батирге ээ болуп, бирок форс-мажордук кырдаалда төлөй албай калса кандай болору тууралуу маселени козгошту. МИКтен санариптик кезек ачык-айкындуулукту камсыздай турганын, кезекти жылдыруулар болбой турганын белгилешти.
Көчмө жыйындын алкагында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары МИКтин Байтик Баатыр көчөсүндөгү жаңы кеңсесинин ачылыш аземине да катышты. Жаңы филиалда кызматкерлер кайрылган жарандарга консультация берип, системага каттоо кызматын көрсөтөт.
Андан соң фракция мүчөлөрү МИКке караштуу “Ынтымак” турак-жайынын курулуш иши менен таанышты. Мында 7 блоктон турган миңдей батир курулмакчы.
Пикир
Оставить комментарий