• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Тармактык комитет унааларды каттоо мөөнөтүн 10 күнгө чейин узартуу тууралуу мыйзам долбоорун колдоого алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 15-майда Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору (“КР жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) 3-окууда каралды.

Мыйзам долбоору коррупциялык факторлорду четтетүү, физикалык жана юридикалык жактардын автоунаа каражаттарын өз маалында каттатуусу (кайра каттатуусу) үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Долбоор аркылуу «КРдагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамдын транспорт каражаттарын каттатуу (кайра каттатуу) бөлүгүндөгү мөөнөттү 5 жумушчу күндөн 10 жумушчу күнгө чейин узартуу сунушталууда. Мындай ченем автоунаа каражаттарынын ээлери үчүн шарт түзүү максатында киргизилип жатат. Анткени унааларды азыркыдай 5 күндүн ичинде каттатууга баардык эле жарандардын мүмкүнчүлүгү болбой калган учурлар арбын.

Мыйзам долбоору 3-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Жыйын жүрүшүндө “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралып, добуш берүүгө жолдонду. Мыйзам долбоору мамлекеттик башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу жана коррупциялык тобокелдикти четтетүү боюнча деталдаштырылган пландын алкагындагы иш-чараларды жүзөгө ашыруу, КР транспорт жана жол министрлигинин ведомстволук жактан баш ийген уюмдары, түзүмдүк бөлүмчөлөрү тарабынан жол курулушун жөнгө салуу, жолдорду жана жол курулмаларын күтүү жана пайдалануу боюнча чарбалык-экономикалык иштерди жүргүзүү, ошондой эле “Автомобиль жолдорунун коопсуздугу” боюнча Бажы бирлигинин техникалык регламентине улуттук мыйзамдарды адаптациялоо жана ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий