• 87.7
  • 95.07
  • 0.97

КМШ ПААнын кезектеги жыйынынын алкагында айыл жергесин туруктуу өнүктүрүү темасы талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.11.19. /Кабар/. “Тегерек столдун” негизги максаты айыл жергесин өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулоо, мыйзам жаатындагы проблемалар туурасында кеп кылуу, айыл жергесин өнүктүрүү боюнча ийгиликтүү ишке ашып жаткан стратегиялык программалар боюнча маалымат-тажырыйба алмашуу болуп саналат.

“Тегерек столдун” жүрүшүндө Шериктештикке мүчө-өлкөлөрдүн парламентчилери, жаштардын парламенттер аралык ассамблеясынын өкүлдөрү ар бири өз өлкөсүндө ишке ашырып жаткан иштер туурасында айтып беришти.

Айыл жергесин кантип өнүктүрүү, айылдардын социалдык инфраструктурасын кандайча жакшыртуу, айылдыктарды социалдык жактан тейлөөнү жолго коюу, айыл жаштарынын шаарга умтулуусунун себептерин аныктоо боюнча ар өлкөнүн проргаммалык иш-аракеттерин чагылдырган докладдар окулду.

Жогорку Кеӊештин депутаты Бактыбек Турусбеков Кыргызстанда бул багытта кандай аракеттер жүргүзүлүп жатканы боюнча ой бөлүштү. Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, айылдын жолдорун оӊдоо, социалдык обьектилерди куруу боюнча эмне иштер жасалып жатканы туурасында айтып берди. Депутаттын пикирине караганда, бул багыттагы иштерди мындан ары дагы жакшыртуу үчүн ар бир программалык документти финансылык каржылоо менен бекемдөөнүн зарылдыгы турат. Ошону менен бирге эл депутаты эки жылдан бери Кыргыз Республикасынын Президенти региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялап, айыл жергесине артыкча көӊүл бурулуп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий