Быйыл Нарын облусунда 64 социалдык объектинин курулушу жүргүзүлөт

Аймак 0

Бишкек, 20.05.24. /Кабар/. Быйыл Нарын облусунда бир катар объектилердин курулуш иштери башталат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын планына облус боюнча 64 социалдык объектинин курулушу киргизилген. Анын ичинде жаңы автобекет, көпүрө, мектеп, турак-жай комплекси, спорт комплекси, мал базар куруу жана жолдорду реконструкциялоо жана башкалар бар.

Дем алыш күндөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кочкор айылындагы социалдык жана инфраструктуралык объекттердин курулуш долбоорлору менен таанышты.

Анда Мамкурулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 2024-жылга Нарын облусунда курулушу башталган объектилер жана реконструкциялоо иштери боюнча маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий