• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

COVID-19: Жалал-Абадда үй шартында дарыланып жаткандар медиктердин жана милициянын көзөмөлүндө болууда

Аймак 0

Бишкек, 17.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда үй шартында дарыланып жаткандар дарыгерлердин жана милициянын көзөмөлүндө болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус боюнча жалпы 29 миң 199 адам үй карантинине алынган. Анын ичинен 28 миң 3 жаран үй карантининен чыгарылып, учурда 1 миң 196 бейтап үй шартында дарылануусун улантууда.

"Алардын сыртка чыгып кетүүсүнүн алдын алуу үчүн милициянын участкалык инспекторлору үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу менен биргеликте көзөмөлгө алууда. Санитардык норманын сакталышы боюнча облус аймагында тиешелүү кызматтар менен бирге жалпы 238 мамлекеттик мекеме текшерилди. Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан КРнын Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренесин (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) бузбоо боюнча эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үй карантинге алынган адамдарга 16 миң 815 талап баракчалары кол койдурулуп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Тиешелүү кызматтар менен бирге облус аймагында жайгашкан 1970 жеке ишкана, соода түйүндөрү, базарлар текшерилди. Текшерүүнүн жыйынтыгында тийиштүү талаптарды аткарбагандарга протоколдор толтурулуп, 77 миң 500 сом өлчөмүндө айыппул салынды. Иштөө режимин токтотуу жөнүндө 58 жолу комиссияларга сунуштар жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө облус аймагында 91 убактылуу медициналык стационарлар ачылган. Алардын ичинен 69у күндүзү, 22си сутка бою иш алып барууда. Ачылган стационарларга 900гө чукул жаран кайрылып, медициналык жардам алышууда.

Жалал-Абад облустук милициясы тарабынан азыркы кырдаал толук көзөмөлгө алынууда. 81 жөө кайгулдоо багыттарында 303 кызматкер, 20 автоунаа кайгулдоо багыттарында 43 кызматкер кезек алмашуу менен алдын алуу жумуштарын жүргүзүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий