• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Быйыл Ош шаарында 4 мектептин курулушун бүткөрүү пландалууда

Аймак 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Ош шаарында быйыл жалпы 1825 орундуу 4 мектептин курулушун бүткөрүү пландалууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Анын ичинде Жибек-Жолу аймактык башкармалыгындагы 625 орундуу, Ирригатор көчөсүндөгү 275 орундуу эки мектеп 2016-жылы башталып курулушу бүтпөй токтоп турган. Учурда иш жанданып, быйыл бүткөрүп пайдаланууга берүү максатталган.

Ал эми 225 орундуу Мээркан айылындагы, 700 орундуу Терешкова атындагы жатак мектебинин курулушу жаз айында башталган. Бул мектептер да быйыл бүткөрүлүп пайдалануууга берилет.

Шаар мэри Бакытбек Жетигенов бүгүн аталган окуу мекемелеринин курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алып, жеринен көрүп чыкты.

Аны менен катар №74 “Бөбөк” жана №60 “Арча-Бешик” бала бакчаларын капиталдык оңдоп-түзөө иштерин да көрдү.

Шаар башчысы аталган билим берүү мекемелерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүп, пайдаланууга тапшыруу талабын койду.

Пикир

Оставить комментарий